Компания жөнүндө

Doyka — Кыргызстандагы Setuay заводунун расмий өкүлү. 2020-жылдан бери мал чарба жабдуулары: тандоо, жеткирүү, кепилдик, сервис.

Компания жөнүндө

Биздин компания 2020-жылдан бери иштейт. Ушул убакытта биз көптөгөн фермердик чарбаларга өндүрүштү автоматташтырууга, чыгымдарды азайтууга жана кирешени көбөйтүүгө жардам бердик. Биз жабдуулардын кеӊири түрүн жеткиребиз — мобилдик саан аппараттарынан баштап сүттү иштетүүнүн толук линияларына чейин.

Setuay заводунун расмий өкүлү

Doyka — Кыргызстандагы «Setuay» заводунун расмий өкүлү. Бул бизге 1 жылдык расмий кепилдик, ошондой эле өз адистерибиздин күчү менен расмий техникалык тейлөө жана коштоо берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Ассортимент жана бар-жогу

Жабдуулардын олуттуу бөлүгү Бишкектеги кампада даяр турат. Айрым позициялар түздөн-түз Түркиядан заказ боюнча жеткирилет.

Заказ боюнча жеткирүү мөөнөтү жабдуунун түрүнө жана өндүрүштүн жүктөмүнө жараша:

  • Чоӊ заказ (толук фура) — завод даяр болгон учурдан тартып болжол менен 1 ай.
  • Кичине көлөм — башка заказдар менен бирге жеткиребиз, ошондуктан мөөнөт болжол менен 2 айдан.

Биздин артыкчылыктар

  • Ар бир фермерге жеке мамиле. Чечимди сурам, бюджет, ферманын жайгашкан жери, малдын тукуму жана саны, ошондой эле чарбанын келечектеги пландарын эске алып тандайбыз.
  • Пайызсыз бөлүп төлөө. Жабдууну банксыз жана кошумча документсиз — өзүбүздүн системабыз боюнча бөлүп төлөөгө беребиз.

Заявка калтырыңыз — фермаңызга чечим тандап, наркын эсептейбиз.