Кыргызстан боюнча жеткирүү
Жеткирүү Кыргызстандын бардык аймактарына транспорт компаниялары аркылуу ишке ашырылат. Наркы жеке эсептелет жана көлөмгө, салмакка жана аралыкка жараша болот:
- ири шаарларга жана логистикалык чекиттерге чейин — бирдиктүү тариф боюнча;
- акыркы чекитке (түздөн-түз фермага) чейин — өзүнчө эсептелет.
Сүт муздаткычтарын жеткирүү сатып алуучунун эсебинен ишке ашырылат.
Жеткирүү мөөнөттөрү
- Бар (Бишкектеги кампа) — заявкадан кийин жакынкы күндөрдө жөнөтүлөт.
- Заказ боюнча, чоӊ (толук фура) — завод даяр болгондон тартып болжол менен 1 ай.
- Заказ боюнча, кичине көлөм — башка заказдар менен бирге жеткиребиз, мөөнөт болжол менен 2 айдан.
Монтаж жана пусконаладка
Саан залдарын жана скрепер орнотмолорун монтаждоо жана пусконаладканы биздин Түркиядан же Өзбекстандан келген көчмө монтаж бригадалары аткарат. Иштин наркы анын татаалдыгына жана өткөрүлгөн жерине жараша.
Керек болсо бригада жерге чыгып, жабдууну орнотууга жардам берет жана кызматкерлерди андан ары иштөөгө үйрөтөт.
Сүт муздаткычтары: пайдалануу шарттары жана кепилдик
Сүт муздаткычы туура иштеши үчүн чыңалуу стабилизатору милдеттүү түрдө болушу керек — үч фазалуу да, бир фазалуу да түзмөктөр үчүн.
⚠️ Маанилүү: стабилизатор жок болсо, муздаткычтын кепилдик тейлөөсү бир тараптуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
«Setuay» заводунун жабдуусуна биздин адистердин толук техникалык коштоосу менен 1 жылдык расмий кепилдик колдонулат.
Жеткирүү боюнча суроолор калдыбы? Заявка калтырыңыз же WhatsApp'ка жазыңыз — жооп берип, баарын эсептеп беребиз.